Садыр Жапаров Хивадагы килем чыгаруучу ири ишкананын иши менен таанышты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-июлда Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Хива шаарындагы килем чыгаруучу ири ишкананын иши менен таанышты.

1973-жылы негизделген «Хива гиламлари» комбинаты 2020-жылы реконструкцияланып, модернизацияланган. Баасы 24 миллион доллар болгон ишкана жыл сайын 4,2 миллион чарчы метр килем жана килем буюмдарын чыгарып, алар АКШ, Кытай жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот. Комбинатта Германия, Бельгия, Австрия, Швейцария, Италия, Франция жана Түркиядан келген заманбап жабдуулар орнотулган. 750 адам иш менен камсыз болгон.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев өндүрүш процесси менен таанышып, комбинаттын аймагында даяр килемдердин «шоу-румун» кыдырып чыгышты. Ал жакка барганында мамлекет башчылары бул багытта тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.