Садыр Жапаров: «Ички рыноктогу тоскоолдуктар актуалдуу бойдон калууда»

Бүгүн, 27-май күнү президент, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык экономикалык биримдиктин катышуучу өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында жыйын өттү. Анда президент ички рыноктогу тоскоолдуктарга токтолду.

«Ички рыноктогу тоскоолдуктар акыркы 7 жылдагы жолугушууларыбыздын эң актуалдуу темаларынын бири бойдон калууда. Көп учурда тоскоолдуктар биздин мамилебизди бузуп, биримдиктин терс имиджин жаратат. Мисалы, 2021-жылы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Орусия Федерациясына айыл чарба продукциясын жеткирүүнүн ылдамдыгы боюнча изилдөөнүн жыйынтыгына токтолсок. Изилдөө көрсөткөндөй, үчүнчү өлкөлөрдөн Орусия Федерациясына бир нече бажы постторунан өткөн товарларды жеткирүү Кыргызстандан келген товарларга караганда кыйла тез жана арзаныраак. Ошол эле учурда, белгилүү болгондой, ЕАЭБдин ички чек араларында бажы көзөмөлү алынып салынган. Бул жерде бизде экономикабызды өнүктүрүүнүн эбегейсиз зор жашыруун ресурстары жана резервдери бар, жогоруда белгилегендей, биз аларды өз өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ишке ашырууга тийишпиз», — деди Садыр Жапаров.