Президент Садыр Жапаров кечээ, 28-январда ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алды.
Министр өлкөдөгү кылмыштуулук жана анын алдын алуу аракеттери жөнүндө мамлекет башчыга маалымат берип жатып, кылмыштуулук дээрлик 69% азайгандыгын билдирди. Жолугушууда президент Садыр Жапаров министрге коомдук коопсуздукту чыңдоого, ведомствонун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоо системасын мындан ары жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.