Садыр Жапаров Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөңов боюнча пикирин билдирди

Садыр Жапаровдун «Кабарга» берген кезектеги маеги жарыяланды. Ал Ишкер Имамидин Ташов жана жарандык активист Тилекмат Күрөңов тууралуу пикирин айтты.

«Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда чоң акырдан жем жеп жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер.

Мен “Дордойго” барганда ушулар жөнүндө айттым эле. ККМге каршы чыккандар “арабызда андайлар жок” деп кыйкырып чыгышкан. ККМге каршыбыз деп чыккан элдин ою таза. Эптеп өз көйгөйүбүздү айтып, чечип алалы деп ак ниеттери менен чыгышкан. Арасында мындай арам ойлуулардын бар экенин алар кайдан билсин. “Биз да ККМге каршыбыз, баланча базарда иштейм, түкүнчө базарда иштейм” деп алардын арасына кирип алып, лидер боло калышып, максималдуу түрдө чогулгула дешип, эптеп эл массасын чогултуу, анан баш аламандык уюштуруп, элдин арасынан беш-алтоону аркасынан атып же жардыруучу зат колдонуп, бир нече киши өлүп кетсе, анан “мына бийлик атты, бийлик өлтүрдү” деп кыйкырып чыгабыз, ошону менен жалпы эл көтөрүлүп кетет деген пландары да бар.

Булардын арам ойлору укмуш экен. Бирок биз алардын мындай арам максаттарына жол бербейбиз. Биз да уктап олтурган жокпуз да. Көпчүлүк эл бизге мамлекеттин жана өз тагдырын ишенип бергенден кийин, караламан калктын ишеничин акташыбыз керек.

Тилекмат Күрөңов кайра эле “биз көппүз, Ташов экөөбүз эле эмеспиз” деп бет тырмачылык кылып атат», — деди ал.