Садыр Жапаров: «Инвесторлордун укугун коргой турган, президентке караштуу улуттук агенттик түзөбүз»

Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик президентке караштуу улуттук агенттик болот. Мындай пикирин өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын “Казинформ” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Учурда өкмөттүн алдында инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги бар. Азыр бул агенттик өкмөткө карайт. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин бул агенттиктин деңгээлиин көтөрүп, президентке караштуу улуттук агенттик кылабыз. Бардык инвесторлор ошол агенттик менен түзмө-түз иштешишет. Эгерде, кайсы бир органдар тарабынан инвесторлорго кысым көрсөтүлгөн болсо, агенттик алардын кызыкчылыгын коргойт. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот. Бизге келген инвесторлор мамлекет менен 20-30 жылга келишим түзүшөт”, — деди мамлекет башчы.

Андан сырткары, буга чейин инвесторлорду кыйноо, мүлктөрүн тартып алуу, кандайдыр бир иш козгоо сыяктуу окуялар болгондугун айтып, ушул себептен улуттук агенттик негиздегенге ниет кылып жатканын билдирди.