Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, мамлекеттик ипотека боюнча маалымат берди.
— МИК массалык түрдө үлүштүк негизде ипотека бергенден улам бюджеттик кызматта кезекте тургандардын кезеги жылбай жатат деген да нааразы пикир бар.
— МИКтин башкаруу системасы толук санариптешкен. Кезекте тургандар онлайн түрдө өз кезектерин карап турушат. Эч ким бирөө-жарымды секиртип барып алдына коюп коё албайт.
Финансылык көзөмөл да электрондошкон. Эч ким акча уурдай албайт. Уурдаса баары бир кийин көрүнүп калат. Кезекте тургандарга айтарым, бир аз чыдап тургула. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт. Ошондо 5-10дон алдыга жылбайсыңар. Миңдеп жыласыңар. Миңдеген кезекте тургандарга бир күндө батирлер берилет. Жөнөкөй тил менен айтсам «оптом» жыласыңар.
— МИКтин турак жай программасынын шарттары жакшырары менен андан батир алууну каалагандардын катары да кескин көбөйдү. Мамлекетте жакынкы келечекте үйлөрдү салуу планы кандай?
— Пландар жогорку деңгээлде, амбициялуу. Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы бир миллиард долларга жетип калды. 2027-жылга чейин 1,5 миллиард долларга жетет. Бул эзели түшкө кирбеген сумма.
МИК бардык кичи шаарларга, бардык райборборлорго көп кабаттуу үйлөр салынып бүткөндөн кийин айылдарга киришет. Кимде ким жаңы үй салабыз же эски үйлөрүн жаңылайбыз дешсе эски үйлөрүн бузуп салып, жаңы үйлөрдү салып беришет. Мөөнөтү 25-30 жыл. Келечектеги пландар мына ушундай.
2 комната алат элем