Шейшемби, 17.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Ирандын тышкы иштер министрин кабыл алды. Жолугушууда эмнелер айтылды?

15:28 06.04.2021
0
Садыр Жапаров Ирандын тышкы иштер министрин кабыл алды. Жолугушууда эмнелер айтылды?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды.

Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлине токтолуп, Иран менен соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.

“Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган ирандык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн биздин эшик ар дайым ачык. Учурда биз чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп аракеттерди жасап жатабыз. Инвесторлорго болгон мамиле мындан ары өзгөчө болоорун баса белгилеп кетким келет», — деди ал.

Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун жигердүү багыты катары маданий-гуманитардык кызматташуу темасына токтолуп, Иран жетекчилигине Ош шаарында спорт комплексинин курулушун каржылоосу жана пандемия башталган маалда берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. «Ирандын кыргыз элине мындай бир туугандык мамилесин чыныгы достуктун белгиси катары кабыл алдык», — деди өлкө башчы.

Өз кезегинде тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Иранды бир катар багыттар боюнча эл аралык аренада колдоосу үчүн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирип, Иран жетекчилиги Кыргызстан менен туруктуу кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи. Мохаммад Жавад Зариф Иран президенти Хасан Руханинин куттуктоосун жеткирип, эки тараптын ар кыл тармактарда кызматташуусу үчүн чоң потенциалга ээ экендигин, анткени өлкөлөрдү жалпы тарыхый жана маданий байланыштар бириктирип турарын кошумчалады.

Ошондой эле ал жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жана жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшүн каалап, Кыргызстанда коопсуздуктун жана туруктуулуктун сакталышы Иран үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи. Министр соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өткөрүүнүн актуалдуулугуна токтолду. Жол жана транзиттик потенциал чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү эң жогорку артыкчылык деп атаган Мохаммад Жавад Зариф кыргыз тараптын экономиканын ар кыл тармактарына — айыл чарба, фармацевтика, гидроэнергетика жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүгө каражат салууга даяр ирандык инвесторлорду тартуу ниетин кубаттады.

Мохаммад Жавад Зариф Иран жетекчилигинин атынан Садыр Жапаровду өлкөгө сапар менен келип кетүүгө чакырды.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:49 17.03.2026
0

Бүгүн, 17-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен биргеликте жеке курулуш...

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
07:59 17.03.2026
0

Бүгүн, 16-марттагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту....

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:13 16.03.2026
0

Кечээ, 15-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку...

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:14 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

08:09 17.03.2026
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

08:29 17.03.2026
Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты

08:34 17.03.2026
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

1
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

1
Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: "Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды"

18:49 17.03.2026
«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

18:41 17.03.2026
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү