Садыр Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 30-октябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортуна конду. Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Ушул эле жерде Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу болду.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.