Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан) барды.

Мамлекет башчысынын борту Астана шаарындагы Н.Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.