Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн жөнөп кетти.
Расмий делегациянын курамындагылар:
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев;
— Президенттин администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Бакыт Сыдыков;
— Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.