Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Президент Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы билим берүү жана башка объектилердин абалы менен таанышат.

Ал ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат.