Жума, 30.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Исхак Раззаков 16 жыл гана өлкөнү башкарса да, ал мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаган»

19:16 20.03.2022
0
Садыр Жапаров: «Исхак Раззаков 16 жыл гана өлкөнү башкарса да, ал мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаган»

“Бул окуя жалпы кыргыз элинин, өзгөчө Раззаков атабыздын кичи мекени Баткен облусунун жашоочуларынын эркине эрк кошуучу, мекенчилдик сезимдерин күчөтүүчү негизги факторлордон болоору талашсыз чындык”. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:  

“Урматтуу Лейлек районунун тургундары, жалпы баткендик агайын-туугандар!

Жаңылануунун, жакшы тилектердин майрамы болгон Нооруздун алдында дагы бир саамалыкта жолугушуп олтурабыз.

Өзүңүздөр жакшы билесиздер, өткөн жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо, жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатындагы жарлыгым чыккан. Анын негизинде Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңеш бул демилгени 3 окууда жактырып, кабыл алып беришти. Мен бул мыйзамга сыймыктануу менен кол койдум.

Урматтуу бүгүнкү саамалыктын катышуучулары! Баарыңыздарды, жалпы кыргызстандыктарды Исфана шаарына улуттун жана жалпы республиканын алкагында гана саясат жүргүзө билген 20-кылымдагы чыгаан лидерлеринин бири, өзүн өзү жараткан улуу инсандын ысымынын ыйгарылышы чын жүрөктөн куттуктайм.

Бүгүнкү күндө ар бир кыргызстандыктын көкүрөгүндө уялап, көөдөнүнө сиңип, өзүнчө бир дем-күч берип, жаркын келечекке үндөй турган ураанга айланган “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деп таасын айтылган сөз бар. Эртеңки күнгө үмүт байлап, ак ниет кызмат кылуунун эрежесине айланып кеткен бул накыл сөздүн автору Исхак Раззаков атабыздын баскан жолу тууралуу сөз сүйлөөнүн өзү сыймык.

Раззаков республиканы болгону 16 жыл гана башкарса дагы бул мезгил аралыгында ал мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаган.

Раззаков Кыргыз ССРинин жетекчилик кызматтарында иштеген мезгилде республика боюнча 59 завод-фабрика, бир нече чакан ГЭСтер курулган. Өлкөбүздүн жол-транспорт байланыш тармагы өркүндөтүлгөн. Кант-Рыбачье темир жолунун курулушу бүткөрүлүп, республикадагы темир жолдордун жалпы узундугу 368 чакырымга жеткен. Фрунзе — Алма-Ата — Ташкент жолу реконструкцияланган, Ысык-Көл облусунда биринчи жолу суу транспорту, Фрунзе шаарында троллейбус каттамы ачылган.

Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүнүн кайсы жагын карабайлы, улуттук кадрларды даярдоо, улуттук интеллигенцияны өстүрүү, улуттук адистерди даярдоо, улуттук искусство адамдарына кам көрүү жана башка улуттун кызыкчылыгы менен тыгыз байланышкан багыттар болгон.

Окуучуларга сапаттуу билим берүү, мугалимдердин абыроюн көтөрүү, мектеп имараттарын куруу сыяктуу билим берүү тармагындагы иштер Исхак Разаковдун ишинин күн тартибинен түшпөй турган маселелер болгондугун, Элге билим берүү министрлигине өзгөчө мамиле кылгандыгын тарыхчылар таасын белгилеп келе жатышат.

Раззаковдун демилгеси менен улуттун интелектуалдык потенциалын жогорулатуунун артыкчылыктуу багыттары катары илимий, педагогикалык жана техникалык адистерди даярдоо максатында келечектүү жаштар Москва, Ленинград жана башка илим борборлору катары таанылган шаарлардын белгилүү жогорку окуу жайларына жиберилген. Алардын окуулары менен кошо муктаждыктарына чейин көңүл бөлүү максатында Москвадагы туруктуу өкүлчүлүктүн астында студенттерди колдоо фондусун түзүлгөн. Сапаттуу билим алган кыргыз жаштары улуттун эртеңки келечеги экенин жазбай баамдап, көрө билгендиги анын көсөмдүгүнөн кабар берет.

Мамлекетибиздин сыймыгы болуп калган Илимдер академиясынын, мамлекеттик университеттин, Айыл чарба, Политехникалык, Дене тарбия жана спорт, Кыз-келиндер институттарынын, Опера жана балет театрынын, мамлекеттик китепкананын ачылышы Раззаковдун ысымы менен байланыштуу.

Көсөмдүгү, чынчылдыгы, мекенчилдиги, калыстыгы менен элдин эсинде калган, төгөрөгү төп келишкен Раззаковдой улуу инсандарга эмгегине тете татыктуу сый-урмат көрсөтүлүшү абзел! Өз кезегинде Раззаков өлкөгө сиңирген эмгеги үчүн 4 жолу Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, Кызыл Жылдыз ордени, биринчи даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган. 2010-жылы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылган.

Ошону менен бирге Исфана шаарына Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу маселеси элинин түмөн түйшүгүн көтөрүп, Ата Мекенинин өнүгүүсүнө зор салым кошкон улуу инсандарга таазим кылып, алардын аттарын түбөлүккө калтыруу максатындагы иш-аракеттерибиздин башаты экенин белгилей кетели.

Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо улуттук идеологияны чыңдоого, жарандарды руханий-адептик тарбиялоону сапаттык деңгээлге көтөрүүгө, өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин бекемдөөгө чоң түрткү берет деп ишенем. Бул окуя жалпы кыргыз элинин, өзгөчө Раззаков атабыздын кичи мекени Баткен облусунун жашоочуларынын эркине эрк кошуучу, мекенчилдик сезимдерин күчөтүүчү негизги факторлордон болоору талашсыз чындык.

Урматтуу мекендештер!

Дагы бир жолу Исфананын Раззаков шаары болуп кайра аталышы менен куттуктайм. Аталышына жараша бул шаар жеке эле Баткен аймагында эмес, жалпы республикабыздагы шаарларга тарбиялуу жаштары, билимдүү адистери, маданияттуу эли, жолго коюлган өндүрүшү менен үлгү боло турган өнүккөн шаарга айлансын!

Түбөлүгү түз, берекелүү шаар болсун!

Дагы бир жолу Исфана шаарынын Раззаков болушу менен куттутаймын!”.

Ушул эле жерде мамлекет башчысынын сөзүнөн кийин куран окулду.

 

1 / 5
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү