Садыр Жапаров: “Ишенимиңиздерди 100 пайызга аткарууга убада берем”

Бүгүн, 11-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында  президенттик шайлоодо алдыга озуп чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп, иш-чара  концерттик программа менен коштолууда. Маданият өкүлдөрүнүн аткаруусундагы ырлардан соң, алып баруучулардын  жана чогулгандардын “Садыр ава”, “Садыр — президент” деген чакырууларынын алдында Садыр Жапаров сахнага чыгып, сөз сүйлөдү.

“Мага добуш бергениңиздер, көрсөткөн ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү жеңиш – жеке менин эмес, Кыргызстан боюнча мага добуш берген ар бир жарандын жеңиши болду. Ал добушту өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын, неберелериңиздердин келечеги үчун бердиңиздер. Ошол ишенимиңиздерди 100 пайыз аткарууга убда берем.  Анткени, 30 жылдан бери ушул күндү күткөнбүз. Карызга баткан, кыйын кезеңде турган өлкөнү өнүктүрүү – менин башкы милдетим. Элибиздин бакубат турмушун курууга саясий эрким жетет. Өнүгүү үчүн сиздер мени менен кызматташасыздар деп ишенем. Ынтымакта бололу”, — деди Жапаров өз сөзүндө.