Ишемби, 14.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушту. Эмне сөз болду?

12:30 07.06.2024
0
Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушту. Эмне сөз болду?

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-июнда ишкерлер менен контролдук-кассалык машиналарды, электрондук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчы белгилегендей, акыркы үч жылдан бери мамлекет бюджеттин эсебинен каржыланган социалдык программаларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Ал эми мамлекеттик бюджет негизинен салык жана бажы төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлөт. Буга байланыштуу Садыр Жапаров баса белгилегендей, салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор көмүскө экономиканы кыскартууга, адилетсиз атаандаштыкка каршы күрөштө керектөөчүлөрдүн жана салык төлөөчүлөрдүн катышуусун арттырууга, мамлекет менен ишкерликтин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, ошондой эле өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган.

Президент буга чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга салык төлөөдөн качуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу, ишкерлик процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана салык чогултууну көбөйтүү боюнча тапшырмалар берилгенин эске салды. Бул маселеде ишкерлердин үлүшү зор экенин эске алуу менен Садыр Жапаров бул жолугушууну өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, анда ишкерлер кызыккан суроолоруна толук жооп ала аларын белгиледи.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйындын катышуучуларына кайрылып, салык жыйноону жакшыртуу максатында салыктык башкаруу тутумун модернизациялоо, коррупцияга каршы күрөшүү, ачык-айкындуулукту жакшыртуу жана салык мыйзамдарын сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтып берди. Ал буга чейин өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча ишкерлердин бардык сунуштары эске алынганын белгиледи. Ошондой эле тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, Салык кодексинде атайын өзгөчөлөнгөн режимдер бекитилген.

Өз кезегинде жолугушууга чакырылган ишкерлик коомчулуктун өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан салык реформасына колдоо билдиришип, соода ишмердүүлүгү менен алектенген жарандар көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга даярдыгын маалымдашты. Муну менен бирге алар электрондук товардык коштомо кагазды колдонбоо үчүн айып салуу мөөнөтүн жылдыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен президентке кайрылышкан.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов электрондук коштомо кагаздарды колдонбоо үчүн айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганын баса белгиледи. Мындан тышкары, ишкерлер салык кызматынын жаңы киргизүүлөрүн колдонууда келип чыккан кыйынчылыктар тууралуу билдиришти.

Мамлекет башчысы маалыматты уккан соң, ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү жана кеңештерди берүү үчүн салык кызматынын адистеринин өлкөнүн бардык базарларында ар дайым болушун уюштурууну тапшырды. Мамлекет көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн бардык шарттарды түзүшү керек. Бул багытта ишкерлик менен түз диалогду камсыздоо маанилүү. Президент Садыр Жапаров ишкерлик өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү экенин ырастап, бизнес менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүү маселесинде калыс болууга даяр экенин билдирди.

 

1 / 3
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:18 13.03.2026
0

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүккө, этке болгон баа белгиленген чектен ашпайт деп убада бергени менен, бирок баалар баары бир...

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 13.03.2026
0

"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:38 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады....

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:18 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Ант бергендер:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: "Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?"

10:18 13.03.2026
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

10:04 13.03.2026
Мыйзамсыз акча чогултуу… Бишкек шаарынын №95 мектебинин директору кызматтан бошотулду

Мыйзамсыз акча чогултуу... Бишкек шаарынын №95 мектебинин директору кызматтан бошотулду

09:50 13.03.2026
Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

16:23 13.03.2026
Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: "Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?"

10:18 13.03.2026
Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

10:08 13.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү