Садыр Жапаров: «Жакынкы күндөрдө өзүм төрагалык кылып, өкмөттүн жыйынын өткөрөм»

Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сөз сүйлөдү.

Өлкө башчысы жакынкы күндөрдө өзү төрагалык кылып, өкмөттүн жыйынын өткөрөрүн айтты. «Жакынкы күндөрдө аткаруу бийлигинин башчысы катары өзүм төрагалык кылып, өкмөттүн жыйынын өткөрөм. Ошондо бардык министрликтердин жарым жылдык отчетторун угуп, баа беребиз. Жыйынтыгында тиешелүү тыянактарга келебиз», — деди ал.