Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн жана эртең Жалал-Абад облусунда жумушчу сапары менен болот.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы бир катар объектилердин ачылыш аземине катышып, өнөр жай ишканаларынын иши жана жол курулушунун жүрүшү менен таанышат. Ошондой эле, Садыр Жапаров облустук клиникалык оорукананын мисалында облустагы медицинанын абалы менен таанышары күтүлүүдө.