Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарындагы (Азербайжан) Олимпиада стадионуна келди.
Иш-чаранын катышуучулары парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды, климатты каржылоо маселелерин, энергетикадагы технологиялык инновацияларды, жаш муундарга билим берүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жаштардын демилгелерин колдоону талкуулашат. Конференцияга 50 миңден ашык адам, анын ичинде 100дөн ашык мамлекеттин лидерлери катышат. Иш-чарага келген делегация башчыларын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.