Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев «Мурас Юнайтед» клубунун жаңы машыгуу базасына баш багышты

Бүгүн, 30-августта Жалал-Абад шаарында «Мурас Юнайтед» клубунун окуу-машыгуу базасы ачылды. Президент Садыр Жапаров жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев машыгуу комплексинин имараты менен таанышышты.
Жаңы спорттук комплекс спортчуларды даярдоо үчүн зарыл болгон заманбап спорттук жана окуу-тиричилик объектилерин бириктирип турат. Бул жерде машыгуу жайы жана 70 кишилик жатакана комплекси, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бассейн, ошондой машыгуу базанын аймагында толук өлчөмдү гибриддик оюн талаасы жана 300 көрүүчүгө ылайыкталган орундуктар бар. Объект дээрлик 2 гектар аянтты ээлейт жана жарык берүү системасы менен жабдылган, бул кечкисин машыгууларды жана беттештерди өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекет башчысы комплекстин шарттары менен таанышып, инфраструктураны көрүп чыкты жана жаш футболчулар менен бирге футбол талаасына чыгып, дарбазага топ киргизип, биргеликте эстеликке сүрөткө түштү.