Жапаров жана Эрдоган Анкарадагы президенттик ак сарайдын панорамалык жайында маек курушту

Эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров жана Режеп Тайип Эрдоган Анкарадагы президенттик ак сарайдын панорамалык жайында маек курушту. Ал жерде өлкө башчыларын коштоп биринчи айымдар Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдоган да болду.

Жолугушуунун соңунда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган конокторду унаага чейин узатып келди. Ал жерде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Эрдоганды Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.