Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында, бүгүн, 29-июнда Душанбе шаарында кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Өлкө башысы Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- «Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.