Abank july
SerepTV Logo

Садыр Жапаров “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат

Садыр Жапаров “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат.
Иш-чарага “Социалдык контракт” программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат. “Социалдык контракт” программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ашырылууда. Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт. Түз алып берүү саат 10:00дө башталат.
SEREP MEDIA