«Жаңы муфтийдин резюмесин берген». Адвокат Акин Токталиев Максатбек Токтомушевдин ордуна кимди сунушташканын айтты

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине өзү билдирди.

Анын айтымында, ал акыркы чечимди кабыл ала элек. Ал Садыр Жапаров эл алдында кечирим сурашы керек деп эсептейт.

«Менин Жапаровго каршы кылмыш ишин козгоого жетиштүү негиздерим бар. Бардык фактылар топтолгон. Азырынча булар бир гана ниет. Өзүнүн маегинде Садыр Жапаров мени радикалдык ислам тобунун кызыкчылыгын коргогон деп айтты… Мен анын ушундай мамиле кылганына таарынып, капаланып жатам”, — деди Токталиев.

Садыр Жапаров буга чейин берген интервьюсунда: “Мен Бурханов деген менин жанымда жүргөн, мурдагы депутат болгон жардамчымдан суранып «Максатбек ажыга жолугуп, эгер ушундай ызы-чуу болуп жаткан болсо, баарынын башын бириктирип, тынч эле тарап кетишсин. Дин тарапта жүргөндөр өзүлөрү жактырган адамды коюп алышсын» деп айт дедим.  Анын катачылыгы түз барып эле сүйлөшкөндүн ордуна Акин Токталиевге барып, ага «Ушундай ызы-чуу болуп жатыптыр. Биз ызы-чуу кылбай эки тарапты тең жараштырып, басып коюңуз» деп айткан экен. Анан ал барып, туура эмес маалымат айтыптыр”, — деген эле.

Президенттин жогорудагы сөздөрүнө Токталиев мындай деп жооп берди.

“Мунун баары жалган. Эч кандай туура эмес айтылган маалымат болгон эмес. Ал мага керек болсо «Максатбек Токтомушевдин ордуна ушул келет» деп резюме таштап кеткен”, — деди ал.