Садыр Жапаров жоокерлер мазакталган окуя боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров жоокерлерди мазактаган окуя боюнча тиешелүү органдар ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү камсыздап, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жоопко тартылышы керектигин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Өлкө башчынын тескемеси менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевге катуу сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза колдонулду. Мындай чечимге 11-майда социалдык түйүндөрдө жарыяланган видеотасмага тартылган аскердик тартиптин уставдык ченемдерин жана принциптерин одоно бузуу фактылары негиз болду.

Өлкө жетекчилиги күч түзүмдөрүндө мыйзамдуулукту жана тартипти чыңдоо, аскердик кызмат өтөө үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, анын кадыр-баркын жогорулатуу, жаштарды мекенчилдик жана мамлекетти сыйлоо духунда тарбиялоо саясатын ырааттуу жүргүзүп келет.

Мунун фонунда аскердик кызматтын ар-намысына шек келтирген жана элдин ишенимин кетирген учурлар жол берилгис болуп саналат. Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык тиешелүү органдар бул окуя боюнча ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү камсыздап, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жоопко тартылышы керек»,- деп айтылат маалыматта.