Садыр Жапаров жубайынын коштоосунда иш сапары менен Германияга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти.
Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
— Биринчи айым Айгүл Жапарова;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
— Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.