Ишемби, 31.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Жусуп Абдрахманов тууралуу: «Элим деп кара башын канжыгага байлаган»

12:49 21.12.2021
0
Садыр Жапаров Жусуп Абдрахманов тууралуу: «Элим деп кара башын канжыгага байлаган»

«Элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү», — деди Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда чыгаан мамлекеттик ишмер, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Быйыл өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп, бир катар иш-чараларды өткөрүп, көз карандысыздыктын маани-маңызын, аны бизге тартуулап, мурас кылган ата-бабалардын басып өткөн байсалдуу жолун барктап-даңктоого аракет кылдык. Мына ушундай ары узак, ары татаал жолду басып өтүп, мекенинин эгемендиги жана элинин эркиндиги үчүн каруусун казык, канын азык кылып, кийинки урпактарына керемет кыргыз жерин мурастаган кадимки Манас, Барсбек баштаган бабаларыбыз болгон! Алардын аттары узун элдин уучуна, кыска элдин кыйырына кыйла белгилүү. Жаралгандан эле куюлуштура сүйлөгөн, уйкаштыра ыр айткан элибиз алардын басып өткөн нарктуу жолун даңазалап ырдап олтуруп, каада-салт, үрп-адатыбызды, маданиятыбызды – жалпы эле жашоо философиябызды чагылдырган ааламда теңдеши жок “Манас” дастанын кошо таберик кылып тартуулаган экен.

Мына ошол ата-бабаларыбыздын ыйык табериги болуп саналган улуу баян жаңырып жатканда, айкөл Манастын «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым!» деген сөзү ата-бабаларыбыздын мамлекет түптөөдөгү чеберчилиги, улут куроодогу тажрыйбасы гана эмес, биз үчүн айтылган керээз, бизге тагылган милдет, урпактардын алдына коюлган парздай сезилет. Байыркы бабалардын «Бөлүнбө, кыргыз,бөлүнбө!» деген урааны азыр дагы кыргыз аттуунун жүрөгүндө сыр болуп туюлуп, азыр дагы атуулдук аруу сезимди козгойт! Мына ушундай мекенчил сезим канында ойногон Жусуп Абдрахманов атабыз өз кезинде бүткүл өмүрүн кыргыз улутун калыптандырып, мамлекет курууга арнаган тура. Жараткан Жусуп Абдрахмановдун маңдайына ушундай улуу вазыйпа менен кошо оор тагдырды дагы жазыптыр. Бирок кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууну эңсеген, тээ алысты мелжеген Жусуп тагдырдын татаал сыноосуна моюн сунуп калбай, баштаган жолунан тайбай, акыры өлүмгө да тике караган экен. Жашы жыйырмадан жаңы ашкан курагында эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө белсене катышкан Жусуп Абдрахманов өз күндөлүгүндө “жазмыштын буйругу менен эң улуу тарыхый окуялардын күбөсү болуп калганын” терең канааттануу менен жазып, каниет айткан жери бар. Ошону менен катар кезинде совет бийлигинин жол башчысы Ленин менен жолугушуп сүйлөшкөнү, батынып сүйлөмөк тургай, даап дартын айта албаган кадимки Сталиндин өзүнө эки жолу кат жазып, борбордук бийликтин туура эмес саясатын ачык айтканы Жусуп Абдрахмановдун көк жалдыгы эмей эмне!

Улуттук жетилүүнүн кайталангыс эволюциясына күбө болуп жатканына шыктанган, ошол эле кезде ошол окуялардын түздөн-түз катышуучусу, сүрөөнчүсү болгон Жусуп Абдрахманов ар бир ирмемди, ар бир күндү, ар бир окуяны көз жаздымда калтырбай тизмектеп, кагаз бетине түшүрүп калууга ашыкканы анын улуу ой-максаттарды көздөп жашаганын айгинелейт. Жараткан ага советтик модернизацияны баштан кечирүү бактысын да буюрат. Бирок ал Өкмөт башчылык кызмат жөн эле кызмат эмес, аны менен бирге чанда бир келчү тарыхый роль жүктөлгөнүн аңдап, Кыргызстандагы ири өзгөрүштөр, экономикалык долбоорлор үчүн жанын сабап күрөшөт. Ошону менен катар, кесепеттүү натыйжаларга алып келчү айрым жат көрүнүштөр акыры келип өз башына тиерин туюп, көрөгөчтүк менен кооптонуусун да айткан. Канткен менен элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү. Минтип айтканымдын себеби, ал киши 1930-жылдардын башында эле Кыргызстанды автономдук республикадан союздук республикага айлантуу идеясын көтөрүп, ошол мүдөөсүнүн жүзөгө ашуусуна түздөн-түз салым кошту. Биз, бүгүнкү муундун өкүлдөрү, Жусуп ата баштаган ошол замандагы аракеттердин, ошол доордогу курч күрөштүн жемишин көрүп жатабыз!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү