Садыр Жапаров: «Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат»

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна тийиштүү актуалдуу маселелер боюнча Баткен облустук медиа борборунун суроолоруна жооп берди. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып, жүрөгүнүн 99 пайызын Баткен ээлерин айтты.

«Силер баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат.

Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз. Бийликке келген биринчи күндөн баштап Баткенге 9 мектеп, 3 бала бакча, 3 оорукананын курулуштары башталды. 9 мектептин ичинен 2 мектеп толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди. Ал эми 7 мектептин курулуш иштери 75 пайызы аткарылып, бүгүнкү күндө курулуш иштери улантылууда. 3 бала бакчанын ичинен экөө толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди, ал эми бирөөндө курулуш иштери 70 пайызы аткарылып, бүгүнкү күндө дагы иштер жүргүзүлүүдө. 3 оорукананын ичинен экөө толугу менен бүтүп пайдаланууга берилди, ал эми бирөөндө курулуш иштери 70 пайызы аткарылып, бүгүнкү күндө иштер улантылууда. Аталган курулуш иштерине 122 миллион 501 миң 400 сом бөлүндү. 4 мектептин капиталдык оңдоп түзөө иштери 50 пайызы аткарылып, бүгүнкү күндө аларда да иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми 1 маданият, 1 спорт объектисинде капиталдык оңдоп түзөө иштери толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилди», — деди ал.