Садыр Жапаров кайрадан Самаркандга барат

10-11-ноябрда Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун биринчи саммити өтөт. Саммитке Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Түркия мамлекет башчылары катышат. Байкоочу катары Түркмөнстан парламентинин төрагасы жана Венгриянын премьер-министри да чакырылган.

Маалыматтарга караганда, жолугушууда лидерлер экономика, транспорт жана соода маселелерин талкуулашат. Саммитте уюмдун келерки беш жылдыкка карата стратегиялык иш-аракеттер планы кабыл алынышы күтүлүүдө. Анын жүрүшүндө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды түрк дүйнөсүнүн эң жогорку медалы жана Өзбекстандын улуттук медалы менен сыйлоо пландалууда.

Самарканддагы саммиттин алдында – 9-ноябрда – Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлеринин жолугушуусу жана 10-ноябрда – мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт.