«Камчыбек Ташиев экөөбүздүн мамилебиз жапжакшынакай, эч качан бузулбайт. Биз башкалардай эмеспиз». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйында Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосундагы мамиле тууралуу айтып жатып билдирди.
«16 жылдан бери биз жакшы таанышпыз. 2005-жылдан бери саясатта бирге келатабыз. Саясаттын ысыгына күйдүк, суугуна тоңдук. Баспаган чокту да бастык. Ошондуктан биздин мамилебиз бузулбайт. 100 пайыз кепилдикти Кудай гана берет. 99 пайыз кепилдикти мен берем», — деди ал.