Президент Садыр Жапаров 16-февралда Кабар агенттигине маек берди.
— Айрым саясатчылар жана айрым аксакалдар менен айрым активисттер “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өлкөнүн келечеги үчүн мурдагыдай эле ынтымакка келиши керек” деген чакырыктарын жасоодо. Буга чейинки маегиңизде “дос бойдон кала беребиз” дедиңиз. Азыр деле ошол позициядасызбы?
— Ооба, ошол эле позициядамын. Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын.
Тегерегиндеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат.