Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге генерал-полковник наамын ыйгарды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик наамын берди. «Генерал-полковник» жогорку аскердик наамы — бул эң жогорку сыйлык болуп саналат.

«Мамлекетибиздин, коомубузду ички, тышкы коркунучтардан коргоодо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууда тагылган милдеттерин так аткарып келаткан жетекчилерибиздин эмгеги да бааланууда. Мен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге “генерал-полковник” жогорку аскердик наамын, Урматбек Муслинович Шамыркановго “генерал-майор” жогорку аскердик наамын, Рахатбек Үсөнбекович Жапаровго “ички кызматтын генерал-майору” жогорку атайын наамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алдым.

Камчыбек Кыдыршаевичтин өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жасаган иш-аракеттерин жалпы журтубуз жакшы билет. Ал эми улуттук экономикабызга кедергисин тийгизип, эгемендик жылдарында тамырын терең жайган коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, жеке өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн экенине карабай, эбегейсиз иштерди жүргүзүп келаткандыгын да баса белгилеп айтып кетейин», — деди ал.

Өлкө башчысы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.