Садыр Жапаров «Асман» шаарынын долбоору менен таанышты

Садыр Жапаров жакынкы мезгилде капсула салынышы пландалып жаткан «Асман» шаарынын курулуш долбоору менен таанышты. Бул эко-шаарда алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды.

Президент “Ысык-Көл” аэропортуна жакын жайгашкан “Тамчы” эркин экономикалык аймагы түзүлө турган жерге да барды. Келечекте бул аймакта өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылат, бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге президент туризм кластеринин курамына кирген спорттук туризм комплексинин курулушу менен таанышты. Негизги басым спорттук жана ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө жасалат. Бул комплекс Ысык-Көлдүн жээгинде кызыктуу жана сапаттуу эс алууга шарт түзөт.