Садыр Жапаров «Каракол» аэропортунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинин жана жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчыга саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө ала турган аэробекеттик комплекстин курулушу жакынкы арада аяктай турганы тууралуу маалымат берилди. Бул аэропорттун жалпы аянты болжол менен 8 миң чарчы метрди түзөт. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул объекттин курулушу быйыл күзүндө бүткөрүлүп, объект пайдаланууга берилерин билдирди.
Долбоорго ылайык, жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу пландалууда. Бул өзгөртүү эки моторлуу, орто аралыктагы кууш фюзеляждуу жүргүнчүлөрдү ташуучу, кыска жана орто аралыкка учуучу учактарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Президент Садыр Жапаров ошондой эле аэробекеттин ички имараттарын көрүп чыгып, аэропорттун курулушунун сапатын эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына шайкеш келтирүүнү көзөмөлгө алууну Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге тапшырды. Президент Садыр Жапаров «Каракол» аэропорту чет өлкөлөрдөн туристтерди тартып, алардын агымын көбөйтүүгө өбөлгө болорун белгиледи.