Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы эл аралык аэропорттун салтанаттуу ачылышына катышты.
«Иштебей турган Каракол аэропорту мына бүгүн кайра калыбына келип, ишин жандантып турат. Саатына 250 жүргүнчү өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Каракол – Кыргызстандын кышкы туризминин борбору десек болот. Каракол шаарынын тоо лыжа базасына не бир түркүн өлкөлөрдөн туристтер келип, биздин жаратылышка суктанып кетишет.
“Каракол” эл аралык аэропортунун ишке киргизилиши – Кыргызстандын аймактык байланыштарын чыңдоо, туризмди өнүктүрүү жана эл аралык айдыңда Кыргызстандын ордун бекемдөө багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат», — деди өлкө башчысы.