Садыр Жапаров Караколдогу спектакль үчүн расмий эскертүү алышы мүмкүн

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Каракол шаарында шайлоочулар менен жолугушууда театралдаштырылган көрсөтүү үчүн эскертүү алышы ыктымал. Анда Жети акенин ролундагы актёрлор спектакль коюп, талапкерге бата бергени айтылган эле. Бул тууралуу БШКнын жумушчу тобунун башчысы Гүлнара Журабаева айтты.

Талапкердин өкүлү жогорудагы окуя мыйзам бузуу экенин моюнга алганы менен Жапаровдун көрсөтүүнү уюштурууга эч кандай тиешеси жоктугун, ал элдин демилгеси менен болгонун билдирген. “Мыйзамга ылайык, үгүт кампанияларында театралдаштырылган көрсөтүүлөргө тыюу салынган. Жумушчу топ ошол учурда талапкердин аракетсиздигин карап чыкты. Андыктан БШКга бул окуяны кароо жана Садыр Жапаровго расмий эскертүү берүү, бул иш-чараны уюштурган адамга айып пул салуу сунушу айтылды”, — деди Журабаева.