«Карыз 2021-жылы 100 миллион долларга жеткен жок». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» сайтына берген маегинде билдирди.
«Мурда түзүлүп калган келишимдердин негизинде жарымы кредит, жарымы грант катары алынган суммалар бар. Бирок карыздын суммасы 2021-жылы 100 миллион долларга жеткен жок. Кандай болгон күндө дагы тышкы карыздарыбызды ар жылы өз убагында толук жаап, кутулабыз. Мурда салык менен бажынын эле көзүн карап олтурчубуз. Эгер биз карыз алсак дагы мурдакылардай болуп жарымын жеп албайбыз. Алган акча өзүн-өзү актай турган, киреше бере турган, пайдасын эки-үч эселеп алып келе турган тармактарга жумшайбыз», — деди ал.