Садыр Жапаров: «Карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» сайтына кезектеги маегин берди. Анда тышкы карыз тууралуу сөз болгон.

— Сиз бийликке келген алгачкы жылдары мамлекеттин тышкы карызын 5 жылдын ичинде төлөп койсо болорун айттыңыз эле. Учурда төлөп коюуга мамлекеттин кубаты жетерин белгилеп жатасыздар, эмнеге төлөбөй жатасыздар?

— 2023-жылдын 31-мартына карата мамлекетибиздин тышкы карызы 4,5 миллиард долларды түздү. Ооба, азыркы учурда тышкы карызды төлөп салууга биздин кудуретибиз жетет. Бирок алынган тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75 пайыздан 2 пайызга чейинки насыя болуп саналат.

Карызды алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда алган сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Биз тышкы карызды өз убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык.

Мисалы, тышкы карыз 2004-жылы 3,1 миллиард сом, 2008-жылы 5 миллиард сом, 2011-жылы 9,4 миллиард сом, 2017-жылы 20,6 миллиард сом, 2019-жылы 28,1 миллиард сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат.

2022-жылы 33,6 миллиард сом карызды төлөдүк. Быйыл 48,6 миллиард сом төлөйбүз. Алдыңкы 2024-жылга 64,7 миллиард сом, 2025-жылга 75,1 миллиард сом төлөө каралган.

Мамлекетибиз эгемендик алган жылдар аралыгында алынган карыздардын эң көп бөлүгүн эми биз төлөп жатабыз. Эгер ушул акчалардын баарын карызга төлөгөндүн ордуна социалдык жана башка иштерге жумшаганыбызда, бүгүнкү жасалып жаткан иштерден жүз эсе жакшы иштерди жасамакпыз.

Карызды башкаруу стратегиясында мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 70 пайыздан ашпоосу керек деп белгиленген. Бизде, ИДПдан ашып түшкөн жылдар болгон. Маселен, 1999-жылы мамлекеттик карыз ИДПга карата 133 пайызга көтөрүлүп кеткен. 2020-жылдын жыйынтыгы менен, мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 68 пайызга жеткен. Азыркы учурда мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга салыштырмалуу 53 пайызга төмөндөдү. Бул көрсөткүч карыздын деңгээлинин туруктуу экенин, мамлекетибиздин экономикасынын өсүү темпинин ылдам жогорулап жатканын көрсөтөт.