Жапаров Токаевди элдик референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда ал Токаевди Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Садыр Жапаров кыргыз тарап бир катар эл аралык байкоочулар миссияларынын курамында референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө катышып, Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүн аныктоодо тарыхый учурга күбө болгонун белгиледи. Касым-Жомарт Токаев өз кезегинде ыраазычылык билдирип, казак эли тагдыр чечүүчү чечим кабыл алганын белгиледи. Казакстандын президенти конституциялык реформанын негизги максаттары жана милдеттери тууралуу кыскача айтып берген.

Өлкө лидерлери ошондой эле Касым-Жомарт Токаевдин 26-майда Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Тараптар эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы жакшы коңшулаштыкты жана бир туугандыкты чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашкан.