Садыр Жапаров Касым Тыныстановдун туулуп-өскөн айылындагы эстелигине гүл коюп, жакындары менен баарлашты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда кыргыз профессору, акыны, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу, чыгаан мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында орнотулган эстелигине гүл койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Быйыл Кыргызстандын белгилүү чыгаан инсандары Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгынын урматына мааракелик иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жатат. Ушул эле жерде президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар, алардын арасында Касым Тыныстановдун туугандары жана чөбөрөсү менен баарлашты», — деп айтылат маалыматта.

Айылдын аксакалдары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка колдоосун билдирип, өлкө башчысына мамлекеттик программаларды жана реформаларды ишке ашырууда ийгилик каалашты.