Садыр Жапаров Катар эмирине: «Араб дүйнөсүнөн алгачкылардан болуп Кыргызстанга келдиңиз»

Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү.

“Бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачаарына жана ар кыл багыттарда кыргыз-катар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү берерине терең ишенем. Учурда Катар өркүндөө жолун ишенимдүү улантып, эл аралык аренада көрүнүктүү жетишкендиктерге жетип турган чагы. Дал ушул учурда сиз араб дүйнөсүнөн алгачкылардан болуп Кыргызстанга келип турасыз. Бүгүн биздин өлкөлөрдүн ортосунда ар түрдүү тармактарда эки тараптуу документтерге кол коюлуп жатканын кубануу менен белгилейм”, — деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бул анын Кыргызстанга жасаган биринчи сапары экенин, Кыргызстан менен Катардын эки тараптуу мамилелериндеги маанилүү учур болуп жатканын баса белгиледи. Ал эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык кеңейерине бекем ишенимин билдирди. Атап айтканда, соода-экономикалык чөйрө, инфратүзүм, туризм, айыл чарбасы жана башка тармактарда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.