Садыр Жапаров Катарда Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров кечээ, 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты-2022 алкагында Доха шаарында (Катар) Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.
Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү. Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.