Жума, 26.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Каттоого берилген маалымат кагазда да, каттоочуда да калбайт. Ал статистикалык максатта гана колдонулат»

11:37 25.03.2022
1
Садыр Жапаров: «Каттоого берилген маалымат кагазда да, каттоочуда да калбайт. Ал статистикалык максатта гана колдонулат»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта 2022-жылдагы элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысы кайрылуусунда төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Биз саясий, экономикалык жана эл аралык мааниге ээ боло турган окуянын алдында турабыз. Ушул жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин, ал эми кээ бир алыскы айыл аймактарда 23-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасында элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү өтөт.

Бириккен улуттар уюму (БУУ) тарабынан 2020-жылы кезектеги эл каттоо иш-чараларын өткөрүү чечими кабыл алынган. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу мамлекеттерде эл каттоо жүргүзүлдү. Бирок биздин өлкө коронавирус пандемиясына байланыштуу аны кийинкиге жылдырууга аргасыз болгондугун билесиздер.

Элди жана турак жай фондун каттоо ишинин экономикалык жана социалдык мааниси абдан жогору. Баарыбыз билгендей, калктын демографиялык абалы дайыма өзгөрүп турат. Ага акыркы 10-15 жыл аралыгындагы ички жана тышкы миграция агымы чоң таасир этүүдө. Бул убакыттын ичинде турак жай фондунун курамында, жайгашуусунда жана сапатында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Айрым турак жайлар тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын уруксаты жок, бекитилип берилген долбоорлору жок курулду.

Ошондуктан, өлкөдөгү калктын саны, аймактарда жайгашуусу, жынысы, жаш курагы, улуту, билим деңгээли жана жашоо шарттары тууралуу чыныгы жана так маалыматтарды алуу каттоонун негизги милдети болуп саналат. Так маалыматтарды башка жол менен алууга мүмкүн эмес. Эң башкысы, каттоонун жыйынтыгында алынган маалыматтар өлкөнүн жакынкы жылдардагы жана келечектеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегияларын иштеп чыгууга же тактоого негизги база болуп эсептелет. Каттоонун жыйынтыгындагы маалыматтар — бул келечек муун колдоно турган өлкө тарыхы.

Каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча бардык иштер атайын республикалык комиссиянын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жатат.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздердин көңүлүңүздөрдү эске алчу эки маселеге бура кетейин.

Биринчиси — өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык жагдай. Бул башкы маселе болуп саналат. Улуттук статистика комитети менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан каттоо убагында коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгып, бекитилди. Каттоочулар жеке коргонуу каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалды. Андыктан алардын да, элдин да коопсуздугу көзөмөлдө деп айта алабыз.

Экинчиси — калк тарабынан берилген жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо. Элди жана турак жай фондун каттоо Кыргызстанда биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт. Сиздердин берген маалыматыңыздар мурункудай кагазга жазылып алынбайт, алар мобилдик тиркемеге киргизилип, анкетага толтурулуп бүткөндөн кийин, дароо Улуттук статистика комитетинин борбордук серверине жөнөтүлөт. Натыйжада каттоого берген маалыматыңыздар кагазда да, каттоочуда да калбайт. Андан кийин алар «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жалпыланган түрдө статистикалык максаттарда гана колдонулат.

Урматтуу мекендештер! 

Мен сиздерди «Кыргызстанда ар бир адам маанилүү» ураанынын алдында өтө турган элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүнө жигердүү катышууга чакырам. Каттоонун натыйжасында алынган маалыматтардын негизинде өлкөнүн өнүгүү багыты, демек, анын келечеги аныкталат. Каттоонун негизиндеги маалыматтар Кыргызстандын адам потенциалынын чыныгы көрүнүшүн алууга мүмкүнчүлүк берет.

Алдыда боло турган каттоого терең түшүнүү, жоопкерчилик менен мамиле кылууңуздарды өтүнөм.

Мен ар бириңиздердин колдооңуздарга ишенем».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:22 21.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:39 20.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьери Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саясий,...

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Автор Эдита Ильясова
14:55 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен шайланды. Нурланбек Тургунбек уулунун...

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Автор Эдита Ильясова
10:06 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген 87 депутатынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров келди. Жыйынды депутат...

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Автор Эдита Ильясова
09:46 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар депутаттар 5 депутаттык топко бөлүнгөнүн жазышты....

Комментарийлер 1

  1. Назгул says:
    4 года ago

    Кайсыл жерге барып катталсак болот туруктуу бир жерде учотубуз жок азырынча батирде жашап жатабыз учоту жок каттоодон өтө алабызбы алдын ала рахмат

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкекте киши колдуу болгон аялдын уулу окуя болгон күндү айтып берди

Бишкекте киши колдуу болгон аялдын уулу окуя болгон күндү айтып берди

15:45 25.12.2025
Бишкекте киши колдуу болгон аялдын балдарына психологиялык жардам көрсөтүлөт

Бишкекте киши колдуу болгон аялдын балдарына психологиялык жардам көрсөтүлөт

11:49 25.12.2025
Көк бөрү федерациясынын президенти кармалды

Көк бөрү федерациясынын президенти кармалды

11:23 25.12.2025
Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду

Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду

19:01 25.12.2025
26-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:57 25.12.2025
Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Гүлзат Исаматованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Гүлзат Исаматованын талапкерлигин жактырды

17:16 25.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү