Садыр Жапаров: «Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттошубуз керек»

Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттошубуз керек. Мындай пикирин өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын “Казинформ” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Казакстан бизге 1 миллиардга жакын киловатт электр энергиясын импорттоого даяр экендигин айтты. Ал эми Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себеби, биз азыр коңшу мамлекеттерден электр энергиясын албасак, анда топтолгон сууну жиберип, ошол аркылуу элибизди электр менен камсыздашыбыз керек болот. Анын кесепетинен вегетациялык мезгилде өзбектерге дагы, казактарга дагы суу жетпей калат. Анткени, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып кетет. Эгерде биз өзүбүз электр энергия өндүрүп баштасак, жыйынтыгы ушундай болот”, — деди Садыр Жапаров.

Натыйжада, вегетациялык мезгилде кошуна мамлекеттердин арасындагы милдеттер аткарыла турганына үмүттөнөрүн айтты.