Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстан Республикасына (Казань шаары) жөнөп кетти.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаев.
Алдыдагы саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.