Садыр Жапаров казино боюнча мыйзамды колдогон депутаттарга алкышын айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маек учурунда казино боюнча мыйзам долбоорду колдогон депутаттарга алкышын айтты.

«Колдоп берген депутаттарга алкыш гана айтышыбыз керек. Эми казинонун мамлекетке тийгизген таасири жөнүндө өзүмдүн ой-пикиримди билдирейин. Биринчиден, 2012-жылы казинолор жабылгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин көмүскө казинолор иштеп келе жатканы баарыбызга маалым. Ошол эле убакта укук коргоо органдарынын чара көргөндүгүнө карабастан, мүлктөрүн конфискациялап, өздөрүн мыйзам чегинде камап жаткандыгына карабастан, дагы деле көмүскө казинолор иштеп жатат. Демек, бул процессти мамлекет өз көзөмөлүнө алып, көмүскө каржы булактарын мамлекеттин казынасына түшө турган кылып, ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандарыбызды ал казинолордон куткарып алуу милдети турат. Эртең мамлекет казинолорду мыйзам чегинде, ачык эле ачып койсок, көмүскө казинолор дароо жок болот. Албетте, бүгүн көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандардын барчу жери калбайт. Ал эми бүгүнкү кабыл алынган мыйзамдын негизинде кыргыз жарандары казиного киргенге катуу тыюу салынат. Буга биз мамлекет тараптан толук кепилдик бере алабыз. Биздин бир дагы жаран казиного кире албайт, чет өлкөлүктөр гана киришет. Бул боюнча көзөмөл кылуунун механизмдери толук иштелип чыкты.

Укук коргоо органдары казиного кирген биздин жарандарыбыз болсо, мейли ким болбосун, мыйзам бузганы үчүн камап коюшат. Айрым каршы чыккандар “биздин жарандар банкрот болушат, үй-бүлөсү менен ажырашат” деп, элдин аң-сезимине ойноп жатышат. Эч качан андай болбойт. Көзөмөл катуу болот. Биздин жарандардын киришине жол бербейбиз. Ага толук күчүбүз жетет», — деди ал.