Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитинин ишине катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорктогу (АКШ) штаб-квартирасына келди.
Форумдун негизги максаты – адамзаттын эң жакшы бүгүнкүсүн камсыз кылуу жана келечекти кантип коргоо боюнча жаңы эл аралык консенсусту иштеп чыгуу. Саммиттин ачылышында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы Филемон Ян сөз сүйлөйт. Келечек саммитинин жыйынтыгында туруктуу өнүгүү жана каржылоо, эл аралык тынчтык жана коопсуздук, илим, технология жана инновация, санариптик кызматташтык, жаштар жана келечек муундар жана глобалдык башкарууну трансформациялоого арналган “Келечек үчүн Пакттын” кабыл алынышы күтүлүүдө. Мамлекет башчысы Келечек саммитинин ишинин алкагында сөз сүйлөйт.
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышына катышып, 24-сентябрда анда сөз сүйлөйт.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...