«Кемпир-Абад» кетти» дегендер же сабатсыздар, акылсыздар же ичи кир адамдар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине билдирди.
«Кемпир-Абад кеткен жок. Келди. Мындан ары 50/50 башкарабыз деп 50 пайызын алып койдук. Мурда 50 пайыз эмес, 50 метр жакын жолой албайт элеңер го? Же калппы? Биз ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимибиз үчүн 50 жылдан кийин дагы бетибиз кызарбай жооп берүүгө даярбыз. Ар бир жасаган ишибиз мамлекет үчүн, эл үчүн гана болот. Андыктан кайсы бир сайттар, кимдир бирөөлөр кайсы бир иште резонанс жараткылары келсе, андайларга көңүл бурбагыла», — деди ал.
50 жылдан кийин сен жок болосуң