Садыр Жапаров кесиптеши Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугуп, эмне жөнүндө сүйлөштү?

Кечээ, 24-февралда өлкөнүн президенти Садыр Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-татар эки тараптуу байланыштарынын келечеги жөнүндө пикир алмашуулар болгон.

Анда Садыр Жапаров Кыргызстан менен Татарстан элдерин маданиятынын, тилинин окшоштугу, бир дин, жалпы каада-салттар бириктирип турарын жана аларды колдоо зарылдыгын өзгөчө белгилеп, Кыргызстан бүгүнкү күндө Россиянын өнүккөн аймактарынын катарына кирген Татарстандагы ийгиликтерге канааттануу менен көз салып тургандыгын кошумчалаган.

«Биз ар дайым тыгыз кызматташууга, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгындагы экономикалык, соода, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө ынтызарбыз», — деп айткан өз сөзүндө Садыр Жапаров.

Ал эми Татарстан президенти Рустам Минниханов эки тараптын өз ара достук жана натыйжалуу байланыштарын колдоо өтө маанилүү экендигине токтолгон. Анын пикири боюнча, Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы экономиканы жана байланыштарды өнүктүрүү менен жаратман процесстерге көңүл буруу керек. Ошондой эле Рустам Минниханов электрондук башкаруу, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирген.