Садыр Жапаров кимдерге генералдык наам берди? Тизме

Президент Садыр Жапаров кезектеги жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Конституциянын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:

— «милициянын генерал-майору» наамы — Боронов Мурат Самидинович;

— «милициянын генерал-майору» наамы — Абитов Тариель Таштанович;

— «бажы кызматынын генерал-майору» наамы — Исабеков Самат Сатарович.

— «юстициянын генерал-майору» аскердик наамы — Мукашов Сагындык Болотбековичке;

—  «юстициянын генерал-майору» — Адыл уулу Кубан.