Такатоши Нишиваки президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон сапары мамлекеттердин эки тараптуу мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди. Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Күн чыгыш өлкөсүнүн кооздугуна, тактап айтканда Киото шаарына суктанып, таасирленгенин айтып, Япония дайыма өзүнүн уникалдуу салты менен азыркы учурду айкалыштыруу жөндөмү менен таанымал экенин белгиледи. Садыр Жапаров япон тараптан үйрөнө турган көп нерсе бар деп айтып өттү.
Депутаттардын айлыгы канча? Парламенттин спикери түшүндүрмө берди
Төрага Марлен Маматалиев депутаттардын айлык маянасына байланышкан жагдайлар боюнча түшүндүрмө берди. Тагыраагы, жакында эле маалымат каражаттарынын бирине санариптештирүү боюнча маек...













