Президент кассалык аппарат боюнча ишти токтотпоого чакырды

Президент Садыр Жапаров кассалык машиналарды киргизүү боюнча ишти токтотпоого чакырды. Мамлекет башчысы Министрлер кабинетине кассалык машиналарды колдонуу боюнча дагы бир жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

«Автоматташтыруу – коррупцияны жана контрабанданы жок кылуунун жолу. ККМди ишке ашыруу иштерин токтотпогула. Дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө. Ишкерлер үчүн кыйын болсо, анда планканы көтөрүп, башка жеңилдиктерди түзгүлө. Жергиликтүү бийлик да аралашып, бардык маалыматты калкка жеткириши керек. ККМди колдонуу – бул салык төлөмдөрүн көбөйтүү эмес, аткезчиликке жана абийирсиз ишкерлерге каршы күрөшүү, элдик көзөмөл», — деди ал.